Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 11.12.2017 13:55 Жаңыланды: 03.07.2018 17:50

Айыл турмушу: Кадамжайлык К.Жороев лимон өстүрүп, түшүмүн Бишкекке сатууда (фото)

Turmush -  Кадамжай районундагы Жаш-Тилек айылынын тургуну Камбаралы Жороев 7 жылдан бери лимон өстүрүп келет. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1,5 сотых аянттагы күнөсканасында 15 түп лимон дарагы бар. Андан жылына 1 тоннадай түшүм алып, 100 миң сомдой киреше табат. Быйыл түшүмдүн биринчи терими башталды. Түшүмдү жөнөтүүгө Бишкектен да буйрутма алган.

«Лимон дарагын биринчи Өзбекстандан алдыргам. Айылыбыз жылуу болгондуктан климаты да шартташып, 3 жыл дегенде түшүм бере баштаган. 1 жылда 2 жолу түшүм алып жатабыз Эгер күнөсканага жылуулук берилип, температура сакталса, ар 2 айда түшүм алууга болот», - деди ал.

Бирок багбан күнөсканасына атайын жылуулук да киргизген эмес. Лимон өстүрүүнүн чыгашасы аз болгондуктан 2 сотых жерге дагы бир күнөскана куруп, лимондорду отургузган. Азыр кошуналары да андан лимон көчөттөрүн сурап алып, өстүрүп жатышат.

«Айылда түшүмдүн көлөмү көбөйсө борборго гана эмес, чет жакка да экспорттоого мумкүнчүлүк жаралат», - деди дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.11.2015Айыл турмушу: Кадамжайлык багбан К.Исматов 8 сотых күнөсканадагы лимондон 250 миң сом киреше алууну болжоп жатат (фото)
12.01.2016Айыл турмушу: Караколдо жашаган Чынар Төлөкова үйүндө лимон өстүрүп, шырдак жасайт (фото)
19.01.2016Айыл турмушу: К.Гаиповдун Баткендеги үйүндө лимон, банан жана гүлдүн 30га жакын түрү өсөт (фото)
27.02.2016Айыл турмушу: Кадамжайда лимон өстүрүү үчүн күнөскана курган алгачкы ишкер учурда мол түшүм алууда (фото)
25.04.2016Айыл турмушу: Ноокендик ишкер күнөсканада өстүргөн лимондон жакшы киреше табууда (фото)
17.11.2016Айыл турмушу: Ноокендик З.Жалилова быйыл лимондон 1 тоннага жакын түшүм жыйнайт (фото, видео)
27.08.2016«Жеңеке»: 6 баланын энеси, бала бакчанын жетекчиси А.Абдылдаева алыскы Ак-Талаада гүлдүн 50 түрүн, мандарин жана лимон өстүрдү (фото)
20.12.2016Айыл турмушу: Баткендик К.Журоев 15 түп лимонунан жылына 1 тонна түшүм алат (фото)
30.01.2017Айыл турмушу: Баткендик Гүлбара апа үйдүн ичинде өстүргөн лимондон түшүм алып жатат (фото)
08.02.2017Айыл турмушу: Оштогу адистер кыш чилдеде лимондон түшүм алып башташты (фото)
24.02.2017Айыл турмушу: Э.Сейдикулова үй шартында лимон, гүл өстүрүп, дарычылыкка колдонот (фото)
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×