Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.12.2017 13:46 На русском

Кубанычбек Кулматов кайрадан Бажы кызматын жетектейт

Turmush -  Кулматов Кубанычбек Кеңешович Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

«Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматына кайтып келди. Мен бир катар милдеттерди койдум жана ал аларды аткарат деп ишенем. Ал 2010-жылдан баштап 2013-жылга чейинки эмгеги менен бажынын кирешесин 2,5 эсеге көтөрдү», - деди С.Исаков.

Премьердин айтымында, К.Кулматов команда түзүп, кадрлар менен болгон маселени чечет.

«Бул менин жеке чечимим жана Кубанычбек Кеңешович өзүнөн ордунда болот деп ойлойм. Ал көптөгөн кызматтарда иштөөгө жетишип, тажрыйбалуу жана күчтүү болду. Ал аталган кызматка тартип киргизет. Албетте бүгүн эртең менен президент Сооронбай Шариповичке барып, анын колдоосун алдым», - деди ал.

К.Кулматов 2017-жылдын 18-сентябрынан бери Улуттук банктын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан. Ал эми, Мамлекеттик бажы кызматына буга чейин Азамат Сулайманов төрагалык кылган.

К.Кулматов Мамлекеттик бажы кызматын 2010-жылдын 9-апрелинен 2013-жылдын 8-июлуна чейин жетектеген эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×