Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Баракелде

А.Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Turmush -  Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп Алмазбек Кененбаев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда шаардык кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Сессияда коалициялык көпчүлүк жалгыз талапкер катары КСДПнын лидери Алмазбек Кененбаевди көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кененбаевдин талапкерлигине 25 депутат «макул», 13 депутат «каршы» добуш берди. Регламентке ылайык жетекчи шайланыш үчүн 25 добуш алышы керек.

А.Кененбаев буга чейин шаардык кеңештин XXVI чакырылышын жетектеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 515
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×