
Turmush - Кадамжай шаарында менингит оорусунан 19 жаштагы окуучу кыз каза болду. Өздүк булактардын маалыматы боюнча, 11-класстын окуучусу Кадамжай аймактык ооруканасына оор абалда (комада) жеткирилген.
Дарыгерлер бейтапты 10 күнгө жакын дарылоодон өткөрүп, бирок өтүшүп кеткен оорунун кесепетинен бейтап көз жумду. Учурда тиешелүү органдардын кызматкерлери тарабынан бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Айрым маалыматтар боюнча, көз жумган кыздын үйүнөн ооруну убактылуу басаңдатуучу дарылардын идиштери табылган.