Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.12.2017 10:37

Мындан ары Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасын премьер-министр гана дайындайт

Turmush -  Мындан ары Жогорку аттестациялык комиссияны премьер-министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×