Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баракелде, Бишкек 09.12.2017 10:06

А.Мамаюсупов ТүркПАнын башкы катчысы болду

Turmush -  Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы болуп Алтынбек Мамаюсупов шайланды. Бул тууралуу 8-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында аталган ассамблеянын 7-пленардык отурумунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, А.Мамаюсуповду Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясына катышкан өлкөлөрдүн делегациясынын жетекчилери бир добуштан башкы катчы кызматына шайлашты. Ал ТүркПанын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери болуп эмгектенип жаткан. Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети А.Мамаюсуповдун 3 жылда жасаган ишинин отчетун канааттандырарлык эмес деп таап жана башкы катчылык кызматка Манас Жолдошбековдун талапкерлигин сунуштаган. Бирок спикер Дастан Жумабеков А.Мамаюсуповдун талапкерлигин көрсөткөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×