Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баракелде

БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы төрайымдын орун басарлыгынан алышты

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы БШКнын төрайымынын орун басарлык кызматынан алышты. Тиешелүү чечим бүгүн, 8-декабрдагы отурумда кабыл алынды.

Аталган маселе күн тартибине кошумча киргизилип, баяндамачы катары Алмаз Асаналиев сүйлөдү. Анын айтымында, А.Абдрахматованын кызматынан алынышына мамлекеттик кызматкердин функционалдык милдеттерин аткарбагандыгы себеп болгон. Анын кызматынан алынышына БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөр — Абдыжапар Бекматов, А.Асаналиев, Акылбек Эшимов, Кайрат Осмоналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Адилет Сатыгулов макул болушкан. Ал эми, Назарали Арипов жана А.Абдрахматова каршы болушту. Елена Жилкичиева менен Гүлнара Журабаева отурумга катышкан жок.

А.Абдрахматова БШКга «Республика — Ата Журт» фракциясынын сунушу менен келген болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2298
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×