Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Москва районундагы өзөндө ак илбирс табылды

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Белен-Теке өзөнүндө ак илбирс табылды. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Анын айтымында, 10 күн мурун токойдун кызматкерлери кезектеги рейдге чыгып, ак илбирсти көрүшкөн. Ал жаңы эле кармап алган тоо текени жеп жаткан.

«Ал жерде 2 гана токой кызматкери болгон. Алардын бири ак илбирстин артынан чуркаган. Бирок ал тез эле качып кеткен. Тилекке каршы алар ак илбирсти сүрөткө тартууга жетишпей калган», - деди ал.

А.Рустамов келечекте аталган жерге фотокапкан орнотуларын белгиледи.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерде 3-4 илбирс бар. Бул маалыматты биз текшеребиз. Аталган аймак Жаратылыш ресурстарын колдонуу улуттук департаментине карайт. Ошондой эле, ал жерде көп сандагы тоо текелер бар. Ак илбирсти токойдун кызматкерлери эле эмес чабандар да көрүшүптүр», - деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында учурда 300-350 ак илбирс бар. Илбирс Орто жана Борбор Азиядагы аскалуу тоолордо жашаган жаныбарлардын өкүлү. Илбирс ири мышык сымалдуулардын тоолуу жерде жашаган жалгыз түрү болуп саналат.

Кыргызстандагы ак илбирстерди коргоочу жалгыз реабилитациялык борбор Ысык-Көл облусунун Ананьев айылынан алыс эмес жерде жайгашкан. Учурда борбордо 3 ак илбирс жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×