Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

«Жеңеке»: Ысык-көлдүк Салтанатты төрөт үйүнө аяшы алып барып, күлкүлүү окуяга туш болушкан (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 42 жаштагы тургуну Салтанат Үсөналива. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал болочок жолдошун бир көргөндө эле жактырган.

«1991-жылы мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарына барып, тикмечилик боюнча атайын курстан билим алдым. Кийин Каракол шаарындагы университеттин дизайнер факультетине тапшырып окудум. Болочок жолдошум менен студент кезимде таанышкам. Ал кезде окуудан сырткары дүкөндө иштечүмүн. Эркинбек бир күнү дүкөнгө соода кылуу үчүн келип, ошондо таанышып калганбыз. Мен аны бир көргөндө эле жактыргам. Ал дагы мени жактыргандыгын кийин билдирди. Экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк, окуудан кийин ал мени үйгө чейин узатып барып, дарбазадан киргизип коюп кетчү. Ошентип кыз-жигит болуп жүрүп, кийин баш коштук. Окуумду аяктагандан кийин Бишкек шаарына көчүп бардык. Мен кийим тигүүчү чакан цех ачып иштеп баштадым. Ал эми жолдошум Эркинбек Сооронбаев аскер адамы. Ал 1975-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Экөөбүз бири-бирибизди жарым сөздөн эле түшүнөбүз. Мага дайыма колдоо көрсөтүп келет. Үйдө баарыбыз жолдошумдун айткан сөзүн эки кылбайбыз», - дейт С.Үсөналива.

Ал жашоосундагы бактылуу көз ирмемдер менен кызыктуу учурларды айтып берди.

«Менин үчүнчү балам боюмда бар болчу. Толгоо башталганда жолдошум үйдө жок болгондугуна байланыштуу анын дос баласын чакыртып, төрөт үйүнө бардык. Мени дарыгерлер текшерип көрүп, жаткырып коюшту. Ал эми дос баласы сүйүнүп, жолдошума телефон чалып: “аялың кыз төрөдү” деп сүйүнчүлөп коюптур. Жолдошум туугандарга сүйүнчүлөп, өзү гүл көтөрүп алып мага келиптир. Мен чыксам, таң калып мени бир, курсагымды бир карап кечке күлдү. Мен түшүнбөй, кыйналып жатсам булар эмнеге күлүп жатышат деп жиним келди. Ал мага түшүндүргөндөн кийин, мен дагы күлдүм. Эртеси мен эркек бала төрөдүм. Бул окуяны азыркыга чейин эстеп, күлүп калабыз. Мен балдарыма татыктуу тарбия берип, алардын жакшы адам болушуна себепкер болсом дейм жана жолдошум экөөбүзгө бактылуу карылык тилейм», - деди ал.

С.Үсөналива эки уул, бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6589
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×