Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Ош

Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 60 тонна көмүр акысыз таратылды

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү тургундарга 600 тонна көмүр арзан баада таратылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн юристи Алтынбек Абылкасымов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөт тарабынан көмүр кенинен арзан баада 600 тонна көмүр алынып келген.

«Биздин айыл өкмөттөгү мүмкүнчүлүгү чектелген 172 жашоочуга 60 тонна көмүр акысыз таратылды. Ал эми 600 тонна көмүр 2,5 сомдон арзан баада жергиликтүүлөрдүн үйлөрүнө түшүрүлүп берилди», - деди А.Абылкасымов.

Аталган айыл өкмөттө жалпы 3 миң 200 кожолук бар. Айыл эли 1 кг көмүрдү түрүнө жараша 5-6-7 сомдон сатып алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2818
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×