Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Түймөдөн тапкан акчасына дары-дармек алган К.Черикбаевага акчалай жардам берилди (фото)

Turmush -  Ооруп төшөктө жаткан Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы Жакыпбек уулу орто мектебинин 6-классынын окуучусу Кыял Черикбаевага Нарындагы жергиликтүү журналисттер акчалай колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары жана Нарын облустук телеканалынын жалпы жамааты Кыялдын ден соолугунан кабар алып, анын дары-дармегине акчалай жардам көрсөтүштү.

 Кыял Черикбаева 6 жашынан бери ооруп төшөктө жатат. Бирок ал жөн жатпай дары-дармектерин алуу үчүн ар кандай түймө түйүп, аны 15 сомдон жогору баалап сатат.

Жаш чебердин айтымында, апасы Гүлжамалдын жасап жаткан кол эмгектерин көрүп, ага жардам берип жүрүп үйрөнгөн.

«Апам ишмер адам болгондуктан ага жардам берип жүрүп үйрөндүм. Өзүм төшөктө болсом дагы бош жатпастан жиптен жана жүндөн байпак, башмак, топу, сумка, билерик, шакек, чач байлагыч жана жемпирлерди түйүп сатам. Алар 15 сомдон жогору бааланат. Албетте түшкөн акчаны апам дарыларыма жумшайт», - деди ал.

Кыял Черикбаева 6 жашында эхинококкоз оорусуна кабылып, боорун алдырса, 9 жашында тамагынан ангинасын алдырган. Ал эми, 10 жашында өтүнөн жана он эки эли ичегиси жабышып калгандыктан операция болгон. Мындан тышкары кальций жетишпегендиктен кыр аркалары ажырап кетип, жакында эле операция болуп, темир койдурду.

Жаш кол өнөрчү келечекте өзүндөй болуп ооруган адамдарды айыктырып, мыкты дарыгер болууну кыялданат. Таята, таенесинин колунда тарбияланып жаткан Кыял үй-бүлөдө жалгыз кыз.

Кыялга жардам берүүнү каалагандар апасы Гүлжамал менен 0701 90 80 49 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3603
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×