Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Баракелде

Видео - Милиционерлердин унаасы катышкан жол кырсыктан кийин сөгүнгөн мас кишилердин жоругу

Turmush -  Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндө кечээ, 6-декабрда «Мазда» жана ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын «Лада-Приора» унаасынын катышуусунда жол кырсык болду. Бул тууралуу Владимир Цай «Репортерго» билдирген.

Эскертүү: Видеодо цензурадан тыш сөздөр айтылган

Ал эми, Бишкек ШИИБ саат 17:00 чамасында Шопоков көчөсүндө Сокулук районунун 1983-жылы туулган тургуну П.А. башкарган «Мазда Атенза» менен аталган кызматтын «Лада-Приора» үлгүсүндөгү кызматтык унаасы кагышканын билдирди. Кызматтык унааны милициянын старшинасы А.Кубаталиев башкарып бара жаткан.

Кырсык болгон жерге патрулчулар барып, айдоочулардын алкоголдук ичимдик ичкенин аныктоо максатында алар текшерүүгө жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында «Мазданын» айдоочусу мас абалда экени аныкталды. Ал эми, «Лада-Приоранын» айдоочусу мас абалда болбогондугу тастыкталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкерлерине «Дордой» базарынын аймагына чакыруу түшкөн. Бирок пост Шопоков көчөсүндө, жол кырсык болгон жерден алыс эмес жайгашкандыктан бөлүмдүн кызматкерлери унаа менен бара жатканда «Мазда» менен кагышкан. Ошондой эле, жол-транспорт кырсык катталган жерди белгилөө учурунда «Мазданын» жүргүнчүлөрү милиция кызматкерлерине тоскоолдук жаратышып, адепсиз сөздөрдү айтышкан. Алар кызматтык унаага орнотулган видеокаттагычты талкалап, флеш-картаны уурдап алышкан.

Коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча Свердлов РИИБдин тергөө кызматы КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбашчылык) негизинде кылмыш иш козгоду. Кылмышка шектелип Сокулук районунун Новопавловка айылынын 1983-жылы туулган тургуну, Токмоктун 1982-жылы туулган тургуну Б.В., Бишкектин тургундары — 1987-жылы туулган Л.Д. жана 1988-жылы туулган А.Э. кармалган.

Учурда унаалар атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, бир катар экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2361
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:52,   18.12.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×