Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуНарын району 07.12.2017 12:57

Нарын районундагы 7 жаштагы Б.Алмамбетовго майып араба тапшырылды

Turmush -  Нарын районундагы Сегизинчи март айылында жашаган 7 жаштагы Бекбол Алмамбетовго Майыптардын эл аралык күнүндө Нарын районунун социалдык өнүктүрүү бөлүмү көп функционалдуу майып араба тапшырды. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн Жийдеш Исраилова билдирди.

WhatsApp Image 2017-12-06 at 5.35.47 PM(1)

«Бекбол шал оорусу менен жабыркайт. Ал дайыма ата-энесинин кароосу менен жашап келет. Азыр анын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Анын ата-энеси да кубанып, баласына көрүлгөн камкордукка ыраазы болуп, ак батасын беришти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×