Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдо 5 млн сомго курулган түстүү оргума кандай болду?

Turmush -  Каракол шаарынын борбордук гүл бакчасындагы оргума кайра калыбына келтирилди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ар кандай түс менен суу чачыратууга жөндөмдүү оргумага кечээ суу толтурулуп, шаар мэри Д.Арпачиевдин катышуусунда текшерүүдөн өттү. Оргума «Суу түтүк» ишканасы тарабынан жасалып, ага республикалык бюджеттен 5 млн сом каралган.

«Бул оргума 6 жылдан бери иштебей турган. Ошол убакыттан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бардык материалдар даярдалгандан кийин гана тендер жарыяланган. Оңдоо иштерин шаардык «Суу канал» ишканасынын кызматкерлери жүргүзүштү. Оргума куруу боюнча адистер келишимдин негизинде Бишкектен чакыртылган», - деп билдиришти мэриядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×