Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ак-Кыядагы жаңы мектепке каражат бөлүнбөй, курулуш иштери жай жүрүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылындагы Асанаалы Абдраимов атындагы орто мектебинин салынып жаткан 275 орундуу жаңы имаратынын курулуш иштери жай жүрүп жаткандыгын фирманын өкүлү билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин эски имараты пайдаланууга жараксыз абалга келгендиктен, анын ордуна жаңы мектеп курулуп башталган. Анын курулушу 85 млн сомго долбоорлонуп, тендерди утуп алган курулуш фирмасы 64 млн 480 миң сомго мектептин жаңы имаратын салып баштаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, мектептин курулушуна быйылкы жылы 45 млн сом бөлүнүп берилмек. Бирок ал каражат бөлүнбөгөндүктөн, курулуш фирмасы өз каражатынын эсебинен 3 млн 517 миң сомго жумуш аткарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×