Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Талас—Тараз—Суусамыр жолун курган ишкана кеңселерин айылга калтырат

Turmush -  Талас—Тараз—Суусамыр жолун куруп жаткан ишкана өзүнүн кеңселерин Жерге-Тал айыл өкмөтүнө өткөрүп берет. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин Талас облосундагы №3 аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нуркан Садыралиев билдирди.
Анын айтымында, жолдун курулушу 2018-жылы август айында толугу менен бүтөт. Курулушту жүргүзүп жаткан ишкананын кеңселерин иш бүткөндө Жерге-Тал айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө жетекчиликтен оозеки убадалар болгон. Жергиликтүү тургундарга так маалыматтын жетишсиздигинен ишкана айылга имаратын өткөрүп бербейт деген сөздөр чыккан. Элеттиктер аталган кеңселерди бала бакча катары колдонууну пландап жатышкан.

Талас—Тараз—Суусамыр жолунун курулушу аягына чыга элек. Тротуар, каналдардын курулушу, жарыктандыруу жумуштары бар. Келишим боюнча алар 2018-жылы августта гана жолду толугу менен комиссияга өткөрүп берет.

Окуя тууралуу:

Буга чейин жергиликтүү тургундар Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун курулушу толук аяктап, жол курган ишкана өзүнүн имаратын дагы көчүрүп кеткендигин билдиришкен. Ага чейин курулушчулардын Жерге-Тал айыл аймагынын Көк-Кашат айылында жайгашкан кеңселери элеттиктерге бала бакча катары калтырыла тургандыгы айтылып келген.

«Бүгүн айылыбызда жыйын болду. Ага Талас облусунун убактылуу жетекчиси Чолпон Төрөкулов катышты. Жыйында бул ишкана менен айыл өкмөттүн кеңсени өткөрүп берүү жөнүндө эч кандай макулдашуусу болбогону маалым болду», - деген тургундар.

Ал эми, Жерге-Тал айыл аймагынын жетекчиси Тилек Сакеев кеңселерди калтыруу жөнүндөгү сөздөр оозеки түрдө гана айтылып келгендигин билдирген.

«Мурун бул имаратты айыл өкмөткө өткөрүү жөнүндө ооз эки гана айтылып келген экен. Бүгүнкү күндө бул курулуш ишканасы өз жумушун аяктап, көчүп жаткан кезде кеңселерди биздин айыл аймакка өткөрүү маселеси каралды. Келе жаткан дүйшөмбү күнү чечим чыгат», - деген Сакеев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 377
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×