Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Чака-челектерди калдыратып, күндө сууга кезекке тургандарды ким угат?

Turmush -  Көкөйгө көк таштай тийген көйгөй бар. Болгондо 12 миңден ашык калк жашаган борбордо. Ошол 12 миң калкка боору ооруган, жаны ачыган, көңүл бурган жан жок. Айтылды, далай ирет жазылды, нечен жолу билдирилди. Алар укту, алар билди, алар окуду, бирок жыйынтыгы жок. Калк болсо карайлап кан какшап, зар какшап жүрөт. Үнү жетти, эч ким үндөбөдү, кашайгырдыкы десе...

Дегеним, Баетов айылы, болгондо дагы атактуу комузчу, обончу, күүчү М.Баетовдун ысымын алып жүргөн райондун борбору болгон айылда таза суунун тартыштыгы карапайым калкты тажатты. Таза суу жетишсиз. Үлбүрөп, элдир-селдир эптеп ар кайсы жердеги эскирген чорголордон бир-эки саат куюлуп берилет дагы жабылат. Жаппаска арга канча. Үзгүлтүксүз коё берип койсо, эскирген, чириген, жер астындагы түтүктөрү үзүлөт, жарылат. Чака-челектерди калдыратып күндө кезекке турган тургундардын көйгөйүн туйган-билген жан болбоду.

Тактап айтканда, аталган айылда 1960-жылы таза суу түтүктөрү курулуп, суу түтүгүнүн узундугу 17,5 чакырымды түзсө, суу чорголордун саны 75 даана болгон. 1991-жылы суу түтүктөрү кайрадан оңдоодон өтүп, ага кошумча дагы 2,5 чакырым түтүктөр кошулса, чорголордун саны 84кө жеткирилген. Андан бери Баетов айылынын таза суусу бир да жолу ондоп-түзөөдөн өтпөй, учурда суу түтүктөрүнүн 20 чакырымы, чорголордун 11 даанасы гана ишке жарамдуу болгону менен эскилиги жетип, өзгөчө кыш мезгилинде түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар бир нече күнгө чейин таза суусуз калат. Мындан улам алар айылдан бир топ алыс булактардан суу ташып ичүүгө мажбур болушат. Айыл тургундардын айтымында, суунун мындай азабын тарткан жашоочулар арасында ичеги-карын, сарык, бруцеллез оорулары көп катталууда.

Мындан 3-4 жыл мурун «Таза суу» долбоорунун негизинде өздүк салым катары жашоочулар тарабынан 1 млн сом каражат чогултулуп, банкка депозитке өткөрүлгөн. Депозиттин эсебинен 640 миң сом кошулган. Андан бери аталган айылды таза суу менен камсыздоого бийлик тарабынан көңүл бурулбай келет.

2015-жылы мамлекеттик бюджеттен таза суу киргизүү үчүн долбоордук-сметалык документтерде 2 млн 787 миң сом каражат каралып, долборлоо документтери бүткөрүлгөн. Бирок иш алдыга жылбай, айылдын эли бир канча жылдан бери таза сууга муктаж болууда. Өз учурунда бул маселе боюнча жашоочулар тиешелүү жерлерге кайрылууларды бир нече ирет жөнөтүшкөн. Жөнөтүлгөнү курусун, жөндүү жооп да келе элек, иш да баштала элек. Эч кимге кызыгы жоктой. Ошончо жылдан бери жөрмөлөп болсо дагы жасап кое турчу иш эле. Чын ыкластан көңүл бургандар болгондо, аттиң...

Жазган: Журналист Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Автордун жазганы өзгөртүлгөн жок

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 646
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×