Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Видео - Шопоковдо 24 жаштагы кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Turmush -  Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери 24 жаштагы кызды унаа менен уруп качып кеткен жигитти кармады. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-ноябрда саат 07:20лар чамасында Шопоков шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү дүкөндүн жанында унаа жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктө өтүп бара жаткан кызды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Романовка айылынын 24 жаштагы тургуну Б.Ж. алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.

1419776.1.1512558682

«Окуя болгон жерде «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаанын эн белгиси калган. Айдоочуну кармоо үчүн Чүй ОИИБдин жалпы өздүк курамы тартылган. Милиция кызматкерлери белгисиз айдоочуну аныктоо жана аны кармоо үчүн чоң масштабдагы текшерүү иштерин жүргүздү. Бардык унаа оңдоочу жайлар, гараждар, объекттер ошондой эле алынган тасмалар текшерилип жана мүмкүн делген күбөлөр суралды. Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери аталган жол кырсыкка шектүү делген айдоочуну кармашты», - деп айтылат маалыматта.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери менен бирге аткарылган иштердин негизинде Москва районунун 1996-жылы туулган тургуну Ш.Э. «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа менен кармалды. Анын үйүнөн табылган жеңил унаа атайын унаа токтотулуучу жайга киргизилди. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 2-5-бөлүмдөрү (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 121-бернесинин 2-бөлүмүнүн (коркунуч абалда калтыруу) негизинде кылмыш иш козголду.

Кармалган айдоочу Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 516
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×