Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Чүй

Тагдыр: 21 жашында жол кырсыктан майып болуп, күйөөсү таштап кеткен С.Абдулаева жеке ишкер болду (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну Саяра Абдулаева жолдошунун айынан жол кырсыкка кабылып, 21 жашында майып болгон. Кырсыктан кийин жолдошу аны менен ажырашып кеткен.

Анын Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдиргенине караганда, 29 жылдан бери майыптардын арабасында отурат. С.Абдулаеванын күйөөсү унааны жогорку ылдамдыкта айдап, рулду башкара албай калган. Кырсыктан ал жеңил жаракат алган. Ал эми, анын жубайынын омурткасы жабыркаган. Жол кырсыктан кийин 4 жылдын ичинде С.Абдулаевага бир нече жолу операция жасалды. Дарыгерлер анын бутуна туруп кетүүсүнө үмүт бар экенин айтышкан. Ал калыбына келүү үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасап, кыйынчылыктарды сабырдуулук менен өткөргөн. Убакыт өткөн сайын калыбына келүү мүмкүн эместиги белгилүү болгон.

«Ата-энем, байкелерим, эжелерим жана досторум колдоо көрсөтүштү. Жакын адамдарымдын камкордугу оор учурларды жеңүүгө жардам берди», - деди ал.

Саяра Абдулаева жашоосуна маани берүү үчүн оорусуна карабастан балалуу болууну чечкен. С.Абдулаева кош бойлуу болуп, бирок төрөт учурунда ымыркайы көз жумган. Анын мурдагы калыбына келбей турганын билген күйөөсү аны таштап, экинчи ирет үйлөнгөн. Ажырашуудан кийин ал жашоосуна, дары-дармектерине өзү каражат табышы керектигин түшүнгөн. Анын күйөөсү аз өлчөмдөгү алимент төлөгөн.

«Мектепте окуп жүргөндө эле тигүүнү үйрөнгөм. Мектепти жана окуу өндүрүштүк комбинатты аяктап, тигүүчүлүк боюнча үчүнчү баскычтагы тигүүчү кесибине ээ болдум. Андан кийин жеңил өнөр жай техникумуна тапшырып, тигүү жаатында технолог болдум. Турмушка чыктым. Кырсыктан кийин кайрадан тигүүчүлүк менен алектенип баштадым. Ал мезгилде апам мен тиккен кийимдерди базарда сатчу. Ал кийимдерге талап көп болчу. Апам эки бөлмөлүү батир алууга жардам берди. Ошол жерде алгач жалгыз иштеп, бирок жетишпегендиктен 4 тигүүчүнү жумушка алдым. Кийин аны үч бөлмөлүү батирге алмаштырып, ошол жерде иштеп баштадык», - деди ал.

С.Абдулаева өзү эле эмгектенбестен башка тигүүчүлөргө да каражат табууга жардам берген. Убакыт өткөндөн кийин ал экинчи ирет турмушка чыгып, 2 кыз төрөдү. Ал белгилегендей, улуу кызы 14, кичүүсү 7 жашка чыкканда жолдошу көз жумган. Учурда анын кичүү кызы 14 жашта жана ал мектепте окуйт. Ал эми, 22 жаштагы кызы өткөн жылы турмушка чыкты. Бүгүнкү күндө Саяра Абдулаева имаратты ижарага алып, ал жерде кийимдерди оңдоп жана жеке буйрутма менен иштейт.

«Майыптардын арабасына отурган адам чоң психологиялык көйгөйгө туш болот. Алардын көбү биринчи кадам жасоодон жана үйдөн чыгуудан коркот. Бул тоскоолдукту жеңүү үчүн коркуу сезими менен күрөшүү керек. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коом менен аралашуусуна жардам берген атайын уюмдар каралган. Мисалы, Бишкек жана Каракол шаарларында мындай уюмдар бар. Мындан 10 жыл мурун биздин шаарда майып аялдардын «Ийгилик» коомун ачкам. Максатым меникиндей жагдайга туш болгон аялдарга жардам берүү болгон. Уюмду аларга досторду жана эң зарыл болгон жумуш табууга көмөктөшүү максатын көздөп ачкам. Анткени майыптык үчүн алган жөлөк пул дарыланууга жана дарыларга жетпейт. Уюмдун иштөөсү үчүн имаратты ижарага алып, башкалар менен интернет аркылуу байланышууга компьютер алыш керек болду. Бул арзан болгон жок. Мындан тышкары, уюмдун маселелерин чечүүгө жана жолугушууга барууда ар дайым жаныма жардамчы керек эле. Мындай адам жок болуп, уюмду иштете албай жаптым. Бирок бүгүнкү күнгө чейин мага психологиялык жардам сурап кайрылгандар бар. «Аны менен сүйлөшүп коюңузчу. Ал эшикке чыгуудан уялып, жашагысы келбей жатат» деп келишет. Мындай абалга туш болгон адам сүйлөшүүдө баш тартып, өзүн дүйнөдөн бөлүнүп калгандай сезет. Аларга ишенимдүү сүйлөшүү жана майыптык арабада жашап кетүүнүн мисалы зарыл», - деди ал.

С.Абдулаева ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен баарлашып, алардын кыйынчылыктары менен жакындан таанышкан. Анын айтымында, майып адамдардын социалдык жактан адаптация болуусуна өлкөдө алардын араба менен жүрүүсүнө шарт жок болгону тоскоолдук жаратат.

«Чач тарачка, тиш дарыгерине же башка имаратка, дүкөнгө баруу — чоң көйгөй. Башкалардын жардамы жок эч жерге бара албайм. Анткени майыптык арабалар үчүн пандустар коюлган эмес же аларды колдонууга мүмкүн эмес. Айрымдары абдан кууш болсо, кээ бири бийик, кармагычтары жок. Коомдук транспортко да түшө албайбыз», - деди ал.

Мындай оор кырдаалдан чыгууга кандай сапаттар жардам бергендиги тууралуу суроого ал: «Максаттарга жетүү жана жашоого болгон каалоо керек. Ушундай абалга кабылганда айласыздан «эмне үчүн?» деген суроону бересиң. Кырсыктан кийин реабилитациялык борбордо жатканда меникинен да олуттуу көйгөйлөрү бар адамдарды көрдүм. Ал эми, менин колум, башым жабыркаган жок. Мен ойлоном, баарлашам, иштейм, мен жашайм. Ар бир адам өзүнүн кыйынчылыктарын жеңиши керек. Моралдык жактан жакындарың жана досторуң колдойт, бирок эч ким сен үчүн жолуңду басып өтпөйт. Бул менин жашоом жана мен аны татыктуу жашашым керек», - деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×