Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Аң-Өстөн айылында бала бакча ишке берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-декабрда Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Аң-Өстөн айылында 120 орундуу бала бакча ишке берилди.

Айыл аймак башчысы Т.Баямановдун айтымында, бала бакчанын имаратты 1982-жылы курулуп, 1992-жылга чейин иштеген. Кийин бала бакча иштебей калган.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан ички, сырткы жасалгасына каражат бөлүнүп, германиялык долбоордун колдоосу менен ички жабдуулар алынып, кайрадан бала бакча ачылды. Долбоорду айыл тургуну К.Термеев жазып, ишке ашырган.

Бала бакчага айылда бир катар жыл дарыгер болуп иштеген маркум Г.Алымбекованын ысымы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 267
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×