Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Самаркандек айылынын тургундарынан анализдер алынып жатат

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылындагы мекеме-ишканалар Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда айылда ич келте оорусу менен ооруган бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү дарыланып жатат, абалдары жакшы. Алардын анализдери Бишкек шаарына жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө Самаркандек айылынын тургундарынан атайын анализдер алынууда. Бирок азырынча ич келтеге чалдыккандар чыга элек.

Баткен районунан былтыр да 2 адам ич келте оорусу менен катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1157
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×