Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Наркоздон ойгоно электе 3,5 саат «Манас» айткан Нурбектин түшүндө улуу манасчылар аян берген

Turmush -  Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 28 жаштагы тургуну Калыбек уулу Нурбек түшүндө улуу манасчылар - Саякбай Каралаев жана Сагымбай Орозбаковдорду көргөндөн кийин 3,5 саат «Манас» айткан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Нурбектин айтымында, оор операциядан кийин «Манас» айтып баштаган.

«Бир колумдун жана бир бутумдун тарамыштары кыска болгондуктан экинчи топтогу майыптык алгам. Ден соолугуман жабыркап жүргөн кезимде Орозалиев Кубат агайым жардам берип, мени шаарга дарыгерлерге алып барган. Бишкек шаардык №4 ооруканасында бутумдун тарамыштарына оор операция жасалган. Операциядан соң наркоздон ойгоно албай жатып, күпүлдөп 3,5 саат «Манас» эпосунан үзүндү айткан экенмин. Ойгонгондон кийин дарыгерлер айтып, таң калышкан. Ошол күндөн тартып, менин оозума «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрү келе баштады. Андан көп узабай, улуу манасчылар Саякбай менен Сагымбай аталар түшүмө кирди. Бир күнү түшүмдө Саякбай ата:

«Оорубагын балам деп,

«Манасты» дайым айткын деп,

Элиңе тартуу кылгын деп,

Манас ата баянын,

Баардыгына жеткир деп» - аян берди. Ошондон баштап, «Манас» эпосунан үзүндү айтып калгам», - деди ал.

Манасчы 2009-жылы С.Каралаев атындагы орто мектептин 9-классын бүтүрүп, андан кийин №94, №20 кесиптик лицейлеринде билим алган. Андан соң Кыргыз улуттук консерваториянын алдындагы операнын манасчы бөлүмүнө тапшырып, 2 жыл окугандан кийин орто билимдүү манасчы дипломун алган. Учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында 5-курста окуйт. Манасчылык өнөрү менен ал көптөгөн ийгиликтерге жеткен.

«2010-жылы кесипкөй таланттар арасында өткөрүлгөн «Кыргыз тилге 20 жыл» сынагында 1-орунга, Бишкек шаарында кесипкөй таланттар арасында манасчылык, дастанчылык, акындык, ырчылык боюнча өткөрүлгөн фестивалда 1-орунду алгам. Ушул эле сынак кайрадан республикалык деңгээлде өткөрүлүп, анда 3-орунду ээлегем. 2012-жылы «Манас эл» коомунун грамотасы, 2013-жылы «Манас ордо ардактуу зыяратчы» төш белгиси, Бишкектин 135 жылдыгына карата таланттардын сынагында «Улут» сыйлыгына татыгам. 2014-жылы Ысык-Көл облусунда Саякбай Каралаевдин 120 жана Кааба Атабековдун 90 жылдыгына карата өткөн манасчылар мелдешинде баш байгени алгам. 2015-жылы президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ардак грамотасы менен сыйлангам.

Каракол шаарында жаш манасчылар арасында өткөн мелдеште 3-орунду багындыргам. 2016-жылы президенттин грамотасына жана стипендиясына ээ болгом. Ошондой эле, Ысык-Ата районунун маданият үйүнүн мыкты кызматкери жана мыкты манасчысы деп аталгам. 2017-жылы Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйлангам. Казакстандын Алмата шаарында өткөн «Улы дара руху» аттуу фестивалда сертификатка ээ болуп, быйыл президенттин грамотасын жана стипендиясын алдым. Тоңдун жаштары уюштурган сынакта «Мыкты мекенчил» наамы жана Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тил» төш белгиси менен сыйландым», - деди ал.

Калыбек уулу Нурбек учурда Бишкек шаарындагы №20 мектепте «Манас» ийриминен сабак берет. «Саякбай манасчы» фондунун мүчөсү. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2590
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×