Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Фото — Кадамжайдагы лицейге 120 орундуу жатакана курулууда

Turmush -  Кадамжай райондук лицейине 120 орундуу жатакана курулууда. Бул тууралуу лицейдин директору Айжаркын Садыкова билдирди.

Маалыматка караганда, сметалык баасы 18 млн сомду түзгөн жатакананын курулушу Кувейт мамлекети тарабынан каржыланууда. Имарат кийинки жылы бүткөрүлүп, лицейдин окуучуларына баардык шарттар түзүлөт.

Кадамжай райондук лицийине Баткен облусунун баардык аймагынан окуучулар келип окушат. Учурда 273 окуучу билим алууда. Лицей табигый-математикалык багыттагы предметтерди тереңдетип окутат. Окуу жайдын алдындагы жатаканада 70 окуучу жашайт. Окуу бир мөөнөттө жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1398
Көп окулду
×