Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Талас

Н.Усупбеков Талас облустук ооруканасынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Бүгүн, 5-декабрда Талас облусундагы Ч.Мамбетов атындагы биргелешкен ооруканага жаңы жетекчи болуп 45 жаштагы Усупбеков Нурдин Сарымсакович дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Нурдин Усубеков

11

Маалыматка караганда, жаңы жетекчини кесиптештерине өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев тааныштырды.

Ошол эле иш-чарада мурунку жетекчи Шаршенбек Жумашалиевди пенсияга узатышты.

Шаршенбек Жумашалиев калпакчан

10

Усупбеков Нурадил Сарымсакович

Туулган жери: Кара-Буура районунун Бакыян айылы.

Туулган жылы: 1972-жыл 15-май.

Улуту: кыргыз.

Үй-бүлөлүк абалы: жубайы жана 4 баласы бар.

Хоббиси: Тарыхый, көркөм адабий чыгармаларды окуу, спорттук оюндар.

Билими:

- 1989-1995-жылдар Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо иши адистиги;

- 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция бөлүмү;

- 1995-1996-жылдары интернатураны Травматология-ортопедия кафедрасынын базасында өтөп,травматолог-ортопед адистигин алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 1997-жылы Бишкек шаарынын №4 тез жардам көрсөтүү оруканасынын дарыгер травматологу;

- 2000-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынынын аппаратынын эксперти;

- 2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кара-Буура районундагы аймактык оорукананын жетекчиси кызматын аркалаган.

Коомдук ишмердүүлүгү:

- 2008-2012-жылдары Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты;

- 2013-2016-жылдары Кара-Буура айылдык кеңештин депутаты; кеңештин төрагасы;

- 2015-жылдан баштап Талас облусунун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин мүчөсү;

- 2017-жылдан баштап Кара-Буура райондук администрациясынын коллегия мүчөсү.

Сыйлыктары:

- Кара-Буура райондук администрациясынын, Талас облустук администрациясынын ардак грамоталары;

- Кыргыз Республикасынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамоталары;

- Жогорку Кеңештин ардак грамотасы;

- «Дене тарбия жана спорттун отличниги» төш белгиси;

- Бакыян айылынын «Ардактуу атуулу».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1346
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×