Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ош

Оштогу профессорлор 5 томдон турган «Жогорку математика» китебин жазып чыкты

Turmush -  Ош мамлекеттик университетинин математик мугалими Макамбай Мамаюсупов 5 томдон турган «Жогорку математика» китебин жазып чыкты. Аймактык кабарчы окумуштуу менен таанышты.

Анын айтымында, буга чейин математиканын айрым бөлүмдөрү гана кыргыз тилинде жарык көрүп келсе, учурда кандидаттык баскычка чейинки математиканы кыргыз тилинде окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 5 томдон турган китепти университеттеги профессорлор Абыт Асанов, Рафик Рафатов менен биргеликте түзүп чыккан. «Жогорку математиканы» толугу менен түзүп чыгууга, студенттердин тилге болгон муктаждыгы себеп болгон. Өзү 40 жылдан бери математик болуп иштеп келе жатат.

«Биздин коңшу мамлекеттерибизде математика сабагы өз тилинде толугу менен жазылып чыккан. Ал эми бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Биз студент кезде, орус тилине болгон муктаждык азыраак болчу. Ошондо дагы орус тилин түшүнбөгөн студенттер бар эле. Азыркы жаштар орус тилин эмес, кыргыз тилин дагы билбей бара жатышат. Алардын 5 жыл бою жогорку окуу жайда окуп, терең билим алуусуна шарт түзүү максатында, 5 томдуктан турган математиканын баардык баскычтарын кеңири, мисалдар менен конкреттештирип түзүп чыктык. Математиканын түрү көп. Буга чейин деле кыргыз тилинде математиканын айрым бөлүмдөрү боюнча китептер болгон, бирок алар жетиштүү эмес эле. Мен студент кезде Мустафин Жавхат Сабиржанович деген агайым бар эле. Ал сабак окутканда түшүнбөй калып суроо туулбай тургандай кылып окутат эле. Анын сабагын түшүнбөй калуу мүмкүн эмес эле. Биз жогорку математиканы жеке окурмандарга суроо туулбай тургандай кылып жаздык десек болот. Анткени окуучулар биздин китептен өз алдынча, мугалимдин жардамысыз математиканы өздөштүрсө болот», - деди ал.

Макамбай агай китепти электрондук түрдө жазып, интернетке да айгаштырган.

«Баарыбызга белгилүү болгондой китепке болгон муктаждык жогорку окуу жайларында эмес, орто мектептерде да бар. Айрым айылдарда математиктер жетишсиздигинен дене тарбия мугалими деле математик болуп алган. Бул ал мугалимдердин күнөөсү эмес. Математиканы үйрөнүүгө таланттын зарылчылыгы жок. Болгону математиканын тилин үйрөнүүсү кажет. Биз математика сабагын эсеп чыгаруу үчүн гана керек деп, жаңылыш ой жүгүртпөшүбүз зарыл. Мындан улам мен быйыл мектеп программасына ылайыкташтырып, элементардык математиканы, айылдагы мугалимдер менен биргеликте 5-6-класстын математикасын түзүп жатам. Жыл сайын мамлекеттин бюджеттинен билим берүүгө бюджеттин 25% которулгандыгы менен анын баары китеп чыгарууга жумшалбайт. Учурда мектептерде китепке болгон муктаждык жогору. Биз түзгөн 5 томдук китеп дагы китеп болуп басылып чыгып, таратылган жок. Ар адамга жеткиликтүү болуусу үчүн электрондук түрдө гана интернетке чыгардык. Биздин китепти okuma.kg сайтынан окууга болот», - деди М.Мамаюсупов.

Мугалим буга катар эле ааламды таануу үчүн математиканын тилин үйрөнүү керек деп эсептейт.

«Математиканын тилин башка бир адистикти үйрөнүү үчүн колдоно турган тил катары кабыл алуубуз керек. Мисалга алсак энергетиктер энергетиканы билүүсү үчүн математиканын тилин билүүсү абзел. Анткени энергетиканын 90% математикалык тилде жазылган. 36 тамганын жардамында дүйнөнүн кайсы бир бөлүгүн гана тааный алсак, математикалык тилдин жардымында дүйнөнүн экинчи бөлүгүн тааный алабыз. Азыркы илимий-техникалык прогресстин заманында математиканы билбеген эл ааламды толук тааный албайт. Биз дагы кийинки муунга Европанын балдары сыяктуу математиканын тилин таанытып, жеткиришибиз керек», - деди мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1816
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×