Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Баткенде бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү ич келте оорусуна кабылды

Turmush -  Баткен районунун Самаркандек айылында бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү ич келте оорусуна кабылды. Бул тууралуу ооруканадагы өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка караганда, алар азыр Баткен облустук жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Буга чейин аталган адамдар жеке менчик ооруканаларда жана Самаркандек айылындагы ооруканада дарыланган. Алар тойго жана башка жерлерге барган. Балдары мектепке барып жүргөн.

«Эң коркунучтуусу бул ооруу тамак-аш жана кармаган буюмдар аркылуу тез жугат. Ооруну алдын албаса таркап кетүү коркунучунда турат. Мындай ооруу Баткен облусунда 1985-жылы бир жолу катталса, кийинчерээк 2000-жылдары дагы бир жолу катталган», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×