Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Талас

Жеңеке: Айганыш жеңе Таласка барып тишин сындырып алып сүйүүсүн тапкан (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылына келин болгон 23 жаштагы кызы Чоюбекова Айганыш жеңе кайын журтуна таанышканы келип, түшкө чейин төө буурчак чаап иштеген. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Нурлан Соорбеков экөө 2014-жылдын октябрында баш кошушкан. Учурда Талас шаарында жашап жатышат.

«Жолдошум Нурлан менен социалдык тармактан сиңдим аркылуу таанышкам. Үйдө отурсам бир чоочун номер чалып калды, «бул ким?» десем «синдиңдин дос баласы» деди. Мен каадаланып «бош эмесмин чалба» деп койгом. Анан сиңдим «Таластагы Next FM радиосунда алып баруучу болуп иштейт» деп айтып калды. Кызык болуп, анын социалдык тармактагы баракчасына кирдим, жакшы бала көрүндү. Анан ошол күндөн тарта телефон менен сүйлөшө баштадык. Биз шаарда турчубуз. Таласка бара турган болдук, анан Нурланга айтсам, жолугушууга чакырган. Таласка келип, автобекеттен жолукканыбыз эсимде», - деди ал.

Жеңеке буга катар эле, тишинин сынып калышы, жолдошу менен жакындоосуна себеп болгондугун кошумчалады.

«Жолугушуудан соң 2-3 күндөн кийин айылда таенебиздин үйүндө тамак ичип жатып, катуу сөөк тиштеп алып, алдыңкы тишимди сындырып алдым. Ошол маалда Нурлан чалып калды. Абалымды сураса ыйлап жибергем (күлүп). Ал «эртең Таласка (шаарга) кел, стоматологияга сүйлөшүп койдум» деп айтты. Эртеси күнү оозумду колум менен жаап алып бардым. Тиш доктур дарылоо бир жумада бүтөрүн айтты. Анан Талас шаарында бөлөмдүн үйүндө боло турган болдум. Ошол күнү жолдошум көңүлүмдү алып, кинотеатрга алып барып, кылыктанып «курсагым ачты» десем ар нерсе алып келип жатты. Эртеси күнү тиштин шылтоосу менен Талас шаарынын кооз жерлерине алып барып көңүлүмдү ала баштады. Ошентип анын мага кылган аяр мамилеси, камкордугу, жөнөкөйлүгү, адам менен бат тил табышуу сапаттары жакты. Жолдошума арбала баштадым.

Мен өзүм Бишкек шаарында жашагандыктан ал шаарга барып, ал жумушунан бошой албай калганда мен Таласка келип турдум. 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин «турмуш куралы» деген сунушун киргизип, мен макулдугум бердим. Тоюбуз 2014-жылдын 15-октябрында Талас шаарында тойканалардын биринде өттү. Жолдошум балдарымдын камкор атасы, өйдө-ылдыйды калчай билген, абдан эрктүү адам деп эсептейм», - деди ал.

Жеңеке мындан тышкары жолдошу экөөнүн турмушундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Келин болгончо Бишкектен Таласка келип турдум. Нурлан «апам менен тааныштырам» деп айылга алып барды. Эртеси күнү түшкө чейин төө буурчак чаап иштегем. Түштөн кийин апама жардам берип, суу ташып жүрүп, арыкка кулап калдым. Нурлан көрбөсө экен деп, арыктан тура албай жатсам, ал мага телефон чалып, «эмне болду, жакшы элесиңби?» деп сураса ыйлап калганым эсимде.

Келин болгондон кийин 15 күн айылда жашап, анан жолдошумдун жумушуна байланыштуу Таласка көчүп келгенбиз. Алгач тамак жасаганды анча билбегендиктен бөлөм Саидага чалып, жол-жобосун сурап жатып аш бышыргам. Азыр кудайга шүгүр баарын өзүм жасайм. Азыркы тапта Талас мамлекеттик университетинде башталгыч класстардын мугалими кесибине окуп жатам. Биринчи уулубуз Элхан төрөлүп, андан соң экинчи уулдарбыз, эгиздер Элдан Нурдан төрөлдү. Азыр улуу балабыз Элхан бала бакчага барат. Мен эгиздер менен үйдөмүн. Турмуштун ачуу-таттуусун татып, бактылуу күндөрдө жашап жатабыз», - деди Айганыш жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2719
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×