Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Ош

Ошто 3 күн «Манас» айткандарга өкмөт 90 миң сом тапшырды

Turmush -  Ош шаарында Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата уюштурулган 3 күн, 3 түн «Манас» айтуу иш-чарасы жыйынтыкталды.

Уюштуруучулардын айтымында, «Манас» айтууга жалпы 30дан ашуун манасчылар катышты. Бүгүн, 4-декабрда Ош шаардык мэриясынан, өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнөн келген өкүлдөр, жаш манасчыларды колдоо иретинде акчалай жардам көрсөтүп, ардак грамоталарды тапшырышты. Облус жетекчилигинин өкүлдөрү баардык катышуучуларды «Манас» эпосунун күнү болгон майрам менен куттуктап, 90 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

«Манас» эпосунун дүйнөгө кеңири жайылышын баарыбыз каалап турабыз. Биздин «Манас» эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпостордун бири болуп эсептелет. Ош жергесине 7 дубандан келип, «Манас» эпосун жайылтып жаткандарына ыраазычылык билдирем. Кыргыз элинин маданияттын, тарыхын жайылтууга чон салым кошуп келе жатышат. Силер бар кыргыз элинин аты эч качан өчпөйт», - деди облус жетекчисинин орун басары Б.Юсупов.

Ал эми, «Саякбай манасчы» эл аралык фондунун жетекчиси, манасчы Рыспай Исаков, 3 түн, 3 күн « Манас» айтууга Ош шаарындагы баардык улан-кыздарга мүмкүнчүлүк берилгенине токтолуп кетти.

«Биз ушул «Манас» күнүн утурлап, борбор калаабызда 7 күн, 7 түн, ал эми Ош шаарында 3 күн, 3 түн « Манас» айтуу иш-чарасын уюштуруп жатабыз. Кыштын суугуна кайышпай-майышпай биздин манасчылар «Манас» айтышты. Улуттун уңгусуна сугарылган улан-кыздардын, эр азаматтардын дагы да болсо бар экендигин, өсүп жетилип келе жаткандыгын, келечек муун, өз элинин өзөгүнөн өнүп чыга турган жаштар экендигин далилдей турган иш-чара болуп олтурат. Иш-чарага улуу жана орто муундун 10го жакын манасчылары, ал эми Ош шаарындагы 20дан ашуун жаш манасчы 3 күн бою « Манас» айтууга келишти», - деди Р.Исаков.

Ош шаарынын кичинекей тургуну Манас баатырдын жубайы Каныкейдин элесин тактайга түшүрүп, манасчы Рыспай Исаковго белекке берди. Жыйынтыгында ар бир келген манасчыларга Ош аардык маданият башкармалыгы тарабынан ардак грамоталар тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1577
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×