Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдыгы китепканада белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук китепканасында улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата иш-чара белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 4-декабрда Нуркул Кулназаров атындагы райондук маалыматтык китепканада улуу манасчы С.Орозбак уулунун 150 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага окуучулар жана ата-энелар катышып, алар залкар манасчы туурасында кеңири маалымат угушту. Ошондой эле, манасчы туурасында китеп жана сүрөт көргөзмө өтүү менен Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин кенже класстарынын окуучулары С.Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 998
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×