Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Нарын районунда жаш манасчылардын сынагы өтүп, жеңүүчүлөр сыйланышты (фото)

Turmush -  Нарын районунун Казан-Куйган айылында жаш манасчылардын райондук сынагы өттү. Бул тууралуу манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакка райондун бардык айылдарынан келген 65 манасчы катышып, ал залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өттү. Сынак эки тур менен өтүп, биринчи турда катышуучулар өздөрүнүн «Манас» эпосунан үзүндү айтуудагы чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ал эми экинчи турга өткөн манасчылар сынактын тапшырмасын туура аткарышып, эл аралык коомдук фонддун диплому, китеп, медалдар менен сыйланышты.

Ошондой эле алдыңкы орунду камсыз кылышкан Молдобек кызы Айганыш, Бегалиев Алиаскар, Тилек кызы Аянага 1-2-3-даражадагы диплом, баалуу белек жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1467
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×