Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Нарында СПИДге каршы өткөрүлгөн сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук аянтта 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Ден соолукка укуктуу» ураандын алдында орто жана жогорку окуу жайларынын арасында флешмоб уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага №87 кесиптик лицейдин жана медициналык, педагогикалык, агро колледждердин студенттери катышып, флешмоб көрсөтүштү. Ошондой эле, алар тарабынан даярдалган ураан, санбюллетень боюнча өткөн сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. 1-орунга №87 кесиптик лицейинин, 2-орунга медициналык, 3-орунга агро колледждин студенттери чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1495
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×