Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусу 02.12.2017 12:09

Нарындагы кен чыккан жерлерге болгон аукциондун жеңүүчүлөрү аныкталып, эң жогорку баа 1,7 млн долларды түздү (тизме)

Turmush -  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кен чыккан 3 жерди пайдаланууга укук алган аукциондун жеңүүчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу Нарын шаарында 24-ноябрда бир нече аянтка уруксат кагазын алуу боюнча аукциондун жүрүшүндө белгилүү болгонун аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Аукционго коюлган жерлер:

- «Кичи Нарын» тилкеси (кум аралашкан алтын, геологиялык чалгындоо);

- «Первенец» кен чыгуучу жер (алтын, геологиялык чалгындоо);

- Ак-Коргон аянты (кум-шагыл аралашмасы, геологиялык чалгындоо);

- Улан аянты (кум аралашкан алтын, осмий аралашкан иридий, геологиялык чалгындоо).

«Кичи Нарын» тилкесине болгон аукциондун жыйынтыгында «Эгиз-Суу» ЖЧКсы жеңүүчү болуп, аталган тилкеге 53 миң доллар сунуштады. «Первенец» кен чыгуучу жерди колдонууга 1 млн 780 миң доллар баа менен «Тусан мининг» ЖЧК укук алды. Ал эми, Ак-Коргон аймагын аукционго коюу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин буйругу менен токтотулду. «Базис Голд» ЖЧК Улан аянтынын аукционунун жеңүүчүсү аталып, 31 миң 600 доллар сунуштады. Маалыматка караганда, жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тартса же аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго кол койгондон кийин сунушталган бааны 5 банктык күнү ичинде төлөбөсө, анда объектини колдонуу укугунан баш тарткан болуп эсептелинет. Мындай учурда объектини колдонуу укугу кезектеги, кийинки бааны көбүрөөк сунуштаган катышуучуга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×