Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Ош

Фото, видео - Оштогу 3 кабаттуу боз үйдө 7 жаштагы Нуркыз менен Айкыз да «Манас» айтышты

Turmush -  Ош шаарында улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине карата 3 күн, 3 түн «Манас» эпосун айтууга 7 дубандан манасчылар келишти. Ал үчүн атайын 3 кабаттуу боз үй тигилген.

Суукка баш ийбеген манасчылар 3 күн бою «Манас» эпосунан үзүндү айтышат, деп билдирди Ош шаардык мэриясынын өкүлү Курманбай Ташыбаев.

«Бүгүн Ош шаарына кут кирди десек болот. «Манас» жакшылыкта, тойдо айтылат. Буга чейин Бишкекте, Таласта, Ысык-Көлдө манасчылар дастанды айлап айтышкан. Бишкекте дагы 7 күн, 7 түн айтылат. Бул жолу 7 дубандан келген манасчылар Ош шаарында 3 күн, 3 түн бою тынымсыз айтышат. Өздөрү демилге көтөрүп, суукка карабай 3 кабаттуу боз үйдү тандашты», - деди К.Ташыбаев.

Бул саамалыкка Ош шаарында жашаган эгиз кыздар — Нуркыз менен Айкыз Садыралиевалар дагы келишкен. Апасы Асел Нурматованын айтымында, эгиз кыздар 7 жашта. Алар 4 жашынан баштап «Манас» айтышат.

Ошондой эле, Ысык-Көл жергесинен Өмүрбек Токтогулов келди. Ал 25 жылдан бери "Манас" айтып келет. «Бул өнөрдү бала кезимден бери аркалап келем. Биздин максат  — "Манас" айтуу өнөрүн элге жайылтуу», - деди Ө.Токтогулов.

Бул иш-чараны «Саякбай» манасчы эл аралык фонду уюштурган. Бул жолу 12 манасчы чогулганын аталган фонддун түштүк регион боюнча өкүлү Сүйүндүк Ашырбек уулу билдирди.

«7 дубандан жаш-карысына карабай манасчыларыбыз келди. Бүгүн 12 манасчы өнөрүн көрсөтсө, эртең башка манасчылар келишет», - деди С.Ашырбек уулу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3204
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×