Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баракелде

Эмил Токтошев «Ата Мекен» фракциясынын төрагасынын орун басары болду

Turmush -  Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин орун басары болуп шайланды. Аталган чечим бүгүн, 1-декабрда фракциянын отурумунда кабыл алынды.

Анын талапкерлигин Сайдулла Нышанов көрсөттү. Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Э.Токтошевдин талапкерлигин колдоду.

Эмил Токтошев 1974-жылы 18-апрелде Ош шаарында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-механик багытында билим алган. Ошондой эле, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы КУУ) бүтүрүп, менеджмент адистигине ээ болгон. Ал жеке ишканаларда иштеген. 2015-жылдын ноябрь айында «Ата Мекен» партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2489
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×