Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Чүй

Мен да жашайм, кубанам жана бактылуу болгум келет, - ВИЧ-инфекциясын жуктурганын ачык айткан алгачкы кыргыз аял

Turmush -  1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрүшүү күнү. Быйыл бул күнгө карата уюштурулган иш-чаралар «Ден соолукка болгон укук» урааны менен өтөт.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 7 миң 396 адам расмий катталган.

Бишкек шаарында өткөн жыйында Кара-Балта шаарынын тургуну Бактыгүл Шүкүрова ВИЧ илдетине кабылганын ачык айтты. Ал аталган оору менен жабыркаганын ачык айткан Кыргызстандагы биринчи адам болуп калды.

«Биз күндөн күнгө көбөйүп жатабыз. Биз ар түрдүүбүз — аялдар, эркектер, кичинекей балдар. Жашоодо ар кандай убайым тартабыз, иштеп акча табабыз, балдарыбызды тарбиялап окутабыз, туугандарыбыз, кошуналарыбыз, досторубуз менен сүйлөшөбүз. Муну менен катар бүгүнкү күнгө чейин жашабай СПИДден көз жумган адамдарды билем. Мен бул жөнүндө ойлонгондо коркунуч жана ооруну сезем», - деди ал.

Бактыгүл Шүкүрова ВИЧ-инфекциясын алып жүргөнүн кош бойлуу кезинде билген. Ал өз өмүрүн кыюуну да ойлонгон. Бирок 10 жаштагы кызын ойлоп, мындай кадамга барган эмес.

21753080_1832655393428665_5251122800517364588_o

«Бул учурда мага жолдошум жардам берди. Ал "эч нерсе эмес, мындай оору менен адамдар жашап жатат" деди. Ичимдеги балам мага күч берди. Кош бойлуулуктун 15-жумасында мага боюмдан алдыруу керектигин айтышып, бала ВИЧ менен төрөлө турганын түшүндүрүштү. Бирок мен бул ымыркайдын жарык дүйнөгө келишин кааладым. Бул илдет түбөлүк экенин түшүнүп, аны менен жашоого үйрөндүм. Маалымат топтоп, жыйындарга барып, аталган оору менен жабыркаган адамдар менен сүйлөшө баштадым. Андан кийин аларга жардам бергим келди», - деди ал.

ВИЧ илдетине чалдыккан энеден төрөлгөн ымыркайдын аталган илдетке кабылышы 50%дан аз болоорун билген. Эгер ВИЧ менен ооруган эне өз маалында дарылануудан өтсө, оорунун балага жугуу ыктымалдуулугу төмөндөйт. Б.Шүкүрова дарыланып жана жаңы төрөлгөн кызына эмчек сүтүн бере албай турганына даярданган.

Ал төрөт учурунда коомчулук мындай оору менен жабыркаган адамдарды кабыл алууга даяр эместигин көргөн. Медицина кызматкерлери анын оорусу тууралуу айтып, төрөт үйүнө кабыл алышкан эмес. «Биз сизге жана ымыркайыңызга жооп бере албайбыз, борборго баргыла», - дешкен.

Акыры облус жетекчилигинин жардамы менен аны төрөт үйүнө кабыл алышып, бирок операция жолу менен төрөгөн күндүн эртеси аны үйүнө чыгарышкан. «Ымыркай төрөлгөндөн кийин 18 ай каттоого туруп жана анализдин жыйынтыгын чыдамсыздык менен күттүк. Бизге кызым ВИЧ менен оорубаганын, ден соолугу толугу менен жакшы экенин айтышты. Учурда кызым 7 жашта. Мен ВИЧ менен ооруганыма карабастан жашайм, кубанам, кайгырам жана бактылуу болгум келет. Учурда менен үй-бүлөм жана жакшы көргөн жумушум бар. Улуу кызым 18 жашта. Ал жогорку окуу жайда юристтик кесипке окуп жатат. Жолдошум менен таянычым, ал уюмдун жетекчиси», - деди ал.

Б.Шүкүрованын айтымында, 7 жылдан бери ВИЧке каршы дарыларды колдонот. ВИЧти жугузууну алдын алуу багытында иштеген 4 жылдын аралыгында ал көптөгөн адамдар менен таанышып, достошту. Жолдошу экөө «Бейтаптардын өлкөлүк кеңеши» коомдук бирикмесин түзүшкөн. Уюм бейтаптардын, анын ичинде ВИЧ, кургак учук менен жашаган адамдардын укугун коргоо менен алектенет.

«Менин эң чоң каалоом — ишенимди жана коопсуздукту сезүү. Медициналык мекемелерге кайрылганда жаман мамилеге дуушар болобуз. Жакында эле бир адамга операция жасалып, ошол мезгилде андан ВИЧ табылганын билдик. Ага кайрадан операция жасоо керек болгон. Бирок ал ВИЧ менен ооругандыктан ага операция жасоодон баш тартышты. Мындай учурлар көп. Ошондуктан көпчүлүгү оорусун жашырып, бул эрте өлүмгө себеп болууда. Мен ВИЧ менен жабыркаганымды улуу кызымдан кеңеш алып элге айттым. Учурда өзүмдү эркин сезип жатам. Мен бул нерсени жашырбашым керек. Албетте мындай чечимди кабыл алуу оор болду. Туугандарыбыз, тааныштарыбыз, кошуналарыбыз кандай кабыл алат деп абдан кабатыр болдум. Кошуналарым менин сүйлөгөнүмдү сыналгыдан көргөнүн айтышты. Алар жаман оюн билдирип, суроо беришкен жок. Кичүү кызым барган бала бакча тарабынан жаман мамиле жасалган жок», - деди ал.

Б.Шүкүрова белгилегендей, эң негизгиси ВИЧтин өтүү жолун билүү керек. «ВИЧке караганда кургак учук коркунучтуураак. Кургак учук көчөдөн, коомдук транспорттон жугуп калышы мүмкүн. Себеби ал аба аркылуу жугат. Биз ВИЧ менен ооруган адамдардын көп болушун каалабайбыз. Бул үчүн алдын алуу багытындагы программалар улантылышы керек», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2642
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×