Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Non Stop дуэтинде жаңылануу: Максат менен Чолпондун ордуна ким келет?

Turmush -  

Кыргыз эстрадасында көптөгөн белгилүү ырларды жараткан Non Stop дуэтинин курамы жаңыланат. Учурдагы солисттер Максат менен Чолпондун айтымында, буга келишимдин мөөнөтү бүткөнү себеп болууда. Жаңы курам үчүн кастинг да жарыяланганы маалым болду.

Максат Садырбеков социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жаңы солисттер күчтүү болушу керектигин белгилеп, күйөрмандарына чоң ыраазычылык билдирген.

«7-8 жыл убакыт байкалбай өтүп кетти. Биз болсо алдыга карай кете беребиз. Ал эми Non Stop дуэтине амбициялуу жана таланттуу балдарды табабыз деп ойлойм», - деди Максат.

Максат менен Чолпон көркөм тасмаларда да роль жаратып, теледолбоор алып барууга да жетишишти. Ошондой эле, бул дуэт «Turkvizyon-2014» II эл аралык музыкалык сынагынын жыйынтыгында 15 катышуучунун ичинен 4-орунга жазылган.

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 39462
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×