Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Видео — Мирбек Атабековдун ырын кытайлык ырчы уруксаты жок өз тилинде ырдап чыкты

Turmush -  Кытайлык ырчы мырза Цай Жен Вэн Доу кыргызстандык ырчы Мирбек Атабековдун «Сагынам» аттуу ырын уруксаты жок кытайча которуп ырдап чыкты. Бул тууралуу Limon.KG басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, ыр кытайча версияда «Скажи мне» деп аталат. Кытай ырчысы аны өткөн жылы чыккан альбомуна кошкон. Мирбек Атабеков өзү бул жөнүндө билген эмес. Ал кытайлык ырчы уруксаты жок ырдагандыгы үчүн нааразы болууда.

«Мирбек «Сагынамдын» кытайча версиясы жөнүндө билген эмес. Албетте ал ырды уруксаты жок ырдагандыгы үчүн нааразы болууда. Ал сотко береби же жокпу азырынча айта албайбыз», - дешти Атабековдун жакындары.

«Сагынам» ырынын сөзү Кундуз Качкынбаевага, обону Мирбек Атабековго таандык. Ырдын клиби 2008-жыл Дубайда тартылган.

«Сагынам» кытай ырчысынын аткаруусунда

«Сагынам» Мирбек Атабековдун аткаруусунда

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10347
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×