Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Баткенде көмүрдүн кымбаттоосуна байланыштуу баага чектөө киргизилди

Turmush -  Баткен районунда Сүлүктү көмүрүнүн 1 кг 8 сомдон сатыла баштайт. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Эмил Мажитов билдирди.

Эмил Мажитов

4

Анын айтымында, өкмөттүн 16-ноябрдагы №745 токтомунун негизинде көмүр баасына мамлекеттик чектөө киргизилди. Баткен районунда Сүлүктү көмүрүнүн БК маркасы 8 сомдон, Кадамжай, Кызыл-Кыя аймактарында 8,5 сомдон ашпоосу керек. БР маркасындагы көмүр Баткен районунда 6 сомдон, Кадамжай районунда 7 сомдон сатылышы зарыл. Самаркандек көмүрүнүн бааасы Баткен районунда 5,5 сомдон, Сүлүктү шаарында 5,4 сомдон, Исфанада 6,5 сомдон ашпашы керек. Токтомдун негизинде киргизилген чектөө баасы 90 күнгө гана күчүндө турат.

Эгер көмүр баасы көрсөтүлгөн баадан жогору коюлса анда аларга 100 миң сомго чейин айып пул салынат.

«Көмүр баасына бирдей чектөө киргизүүдөн мурда көмүр ташып сатуучунун шахтага барып, көмүрдү алып келип сатканга чейинки кетирген бардык чыгымдарын эсептеп чыгып, аларга да пайда кала тургандай кылып баа койдук. Мында алуучуга да, сатуучуга да ыңгайлуу баа коюлган. Эгер талап аткарылбаса анда мыйзам түрүндө административдик чара көрүлөт. Кабыл алынган токтомду ар бири аткарууга милдеттүү», - деди Мажитов.

Ал эми, сатуучу Мансурбек Акматовдун айтымында, сатуучулар бул баага нааразы. Анткени алар Сүлүктү шахтасынан көмүрдү 7,6 сом алып келип, 9 сомдон сатып, 1 сомдон пайда көрүп жатышкан. Эми 8 сомдон сата башташса сатуучуга 30-40 тыйындан гана пайда калат. Эгер шахтадагы көмүрдүн баасы арзан сатылса, анда сатуучулар да элге арзан баада сатышмак.

Мансурбек Акматов

1

«Бизге 1 сом гана пайда калса болду. Бирок 8 сомдон сатмай болсок анда бизге пайда калбай деле калат. Шахтага барып көмүр жүктөп алып келүүдө да канчалаган чыгымдарды кетиребиз. Мисалы 30 тонна көмүр алып келүү үчүн 30-40 миң сом чыгым сарпталат. Анын ичинде көмүр жүктөөчүлөрдүн, салык салуучулардын, тараза жана башкалардын акылары бар. Биз деле элге арзан саткыбыз келет. Бирок шахтадан кымбат алып жатабыз. Бизге пайдасы тийбесе ишти таштоого аргасыз болобуз», - деди Акматов.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, көмүрдүн баасы былтыр 6,5 сомдон сатылса, быйыл 9 сом болууда. Көмүрдүн кымбат болуусу анын Тажикстанга ташылып жатканы менен байланыштуу. Себеби тажикстандыктар көмүрдү кымбат баада алгандыгы үчүн шахталар алар менен иштешип турат. Эгер Тажикстанга өткөрүүгө тыюу салынса, анда көмүрдүн баасы арзан болмок.

Ал эми, Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башкы адиси Аллакул Пинназаров жергиликтүү калк көмүр менен кеңири камсыз болмоюнча экспортко чыгарууга тыюу салуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Аллакул Пинназаров

2

«Казакстандан көмүр кирбей калгандыгына байланыштуу учурда Баткен гана эмес башка облустарда да көмүрдүн баасы жогорулаган. Бирок Баткендин көмүрү Тажикстанга көп өткөрүлгөндүктөн жергиликтүү элге таасирин тийгизүүдө. Эми баага чектөө киргизгенден тарта биз эле эмес, башка бардык органдар да элди көмүр менен кеңири камсыз кылууга катышат», - деди ал.

Агенттиктин маалыматына караганда, Баткен облусуна жылына 57 миң тонна көмүр керектелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1969
Көп окулду
×