Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 29.11.2017 15:18 На русском

Биринчи вице-премьер-министрдин ордун Жогорку Кеңештин депутаты ээлейт, - С.Исаков

Turmush -  Биринчи вице-премьер-министрдин ордун Жогорку Кеңештин депутаты ээлейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда парламенттин отурумунда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Отурумда депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») аталган кызмат орду тууралуу суроо узатты.

«Талапкер аныкталып жатат. Бул маселе 1-декабрда күчүнө кире турган Конституциядагы түзөтүүлөр менен байланыштуу. Өкмөткө сиздердин араңыздардан бирөө келет», - деди Исаков.

1-декабрда күчүнө кире турган түзөтүүлөргө ылайык, премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин ордун ээлеген депутат өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат.

Мурда биринчи вице-премьер-министрлик кызмат депутат Аскарбек Шадиевге («Бир Бол») сунушталгандыгы кабарланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×