Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 29.11.2017 14:05

Ак-Талаада мугалимдердин чеберчилигин арттыруу боюнча иш-чаралар өтүүдө (фото)

Turmush -  Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин чеберчилигин арттыруу максатында семинарлар өткөрүлүп башталгандыгын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 28-ноябрда Байгөнчөк айылынын Табирис Оторов атындагы орто мектебинде аталган семинардын алгачкысы уюштурулуп, ага акимдин орун басары Ж.Мамбетова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эсеналиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондогу ар бир мектептен үчтөн мугалим катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө усулдук бирикменин ишмердүүлүгүн жаңылатуу, мугалимдердин чеберчилигин арттырууда жаңы ыкмаларды колдонуу, окуучулардын дене тарбия сабактарында нормативдерин тапшыруу, жол коопсуздуктарын болтурбоо, электрондук багыттагы системаны колдонуу тууралуу айтылып, окуучулардан тест алынып, мыктыларына сыйлыктар тапшырылды. Аталган семинар мындан ары ар бир мектепте, ар кандай теманын алкагында өткөрүлөрү маалым болду.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×