Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Дүйнө 29.11.2017 14:05 На русском

Фото — Россияга биринчи иш сапары менен барган президент С.Жээнбековду аэропорттон тосуп алышты

Turmush -  Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда Россияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ал Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Президенттер кыргыз-орус кызматташтыгын жана ЕАЭБдин алкагындагы мамилелердин өнүгүшүн талкуулайт. С.Жээнбеков мындан тышкары Россиянын өкмөт жетекчиси Дмитрий Медведев менен жолугушат.

Президент андан соң иш сапары менен Беларусь Республикасына барып, ЖККУнун кезектеги сессиясына катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×