Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Нарын районунун окуучулары «Манас таануу» облустук таймашта 2-орунду ээлешти (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Казалы Абиров атындагы орто мектебинин окуучулары «Манас таануу» облустук таймашта 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу мектеп директору Самара Турузбаева билдирди.

Маалым болгондой, аталган сынак залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата өткөрүлүп, ага 15 тайпа катышкан.

«Биздин окуучулар таймаштын тапшырмаларынын көпчүлүгүнө туура жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлдеринин жогору экендигин көрсөтө алышты. Калыстардын чечими менен 2-орунду ээлеп, 70 миң сомдук компьютер, 10 миң сомдук китеп жана медаль, диплом менен сыйланышты», - деди С.Турузбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 760
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×