Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Ош

Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча республикада алдыңкы орунда

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда АКИпресс-Ошто СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата бул ооруну алдын алууга жасалып жаткан аракеттер айтылды. Жыйынга Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Асан Дурусбеков, Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун диспансердик көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Улукбек Моторов, Ош облустар аралык наркология борборунун башкы дарыгеринин орун басары Арсланбек Миңбаев катышты.

СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү «Саламаттыкты сактоо укугу» урааны менен өтмөкчү.

Ал эми, республикалык «СПИД» борборунун расмий маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-октябрына карата кыргызстандыктардын арасында 6554 киши ВИЧ-инфекциясын жуктуруп каттоого алынган. 2017-жылдын 1-октябрына карата ВИЧ-инфекциясы республиканын бардык аймактарында катталды. Эң көп катталган аймактарга Бишкек шаары (1148 киши же республикада катталгандардын 15,6%ы), Ош шаары (1039 же 14,1%), Ош облусу (1344 же 18,3 %), Чүй (2250 же 30,6%), Жалал-Абад (890 же 12,1%) облустары кирет. Ал эми ВИЧ-инфекциясы азыраак катталган аймактар – Баткен (188 адам, 2,5%), Ысык-Көл (220 адам, 2,9%), Нарын (152 адам, 2,0%) жана Талас (108 – 1,4%).

Ош шаары менен Ош облусу ВИЧ-инфекциясынын өсүшү боюнча республикада эң алдыңкы орунда келе жатат. Акыркы маалыматтар боюнча ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын 36,7%ы ушул аймакта.

2017-жылдын 1-октябрына карата Ош облусунун региондорунда ВИЧ-инфекциясы менен катталган адамдардын саны:

- Кара-Суу районунда 781 адам;

- Ноокатта 278;

- Алайда 46;

- Араванда 45;

- Өзгөндө 143;

- Кара-Кулжада 42;

- Чон-Алайда 5 киши.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1408
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×