Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баткен

Быйыл Баткенде мунайзат сатуудан 43 млн сом салык топтолду

Turmush -  Баткен облусунда быйыл күйүүчү-майлоочу майларды сатуудан 43 млн сом салык топтолду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы райондор аралык бөлүмүнүн башчысы Жунусали Жалилов билдирди.

Анын айтымында, былтыр 10 ай ичинде 26 млн сом салык жыйналган. Бул жыл ичинде Тажикстанга мыйзамдуу түрдө 82 миң тонна күйүүчү май өткөн. Ал аралыкта мыйзамсыз күйүүчү май ташып жаткан оор жүк ташуучу 14 унаа кармалып, ээлерине кылмыш иш козголгон.

«Аткезчиликке бөгөт коюу үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын негизинде 10 ай ичинде аткезчилик жол менен ташыган 14 факт катталып, кылмыш иш козголгон. Анын 10 сотко өткөрүлүп, төртөөнүн тергөө иши жүрүп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 875
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×