Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Баракелде

С.Жээнбеков алгачкы иш сапары менен Россияга барат

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи эл аралык иш сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Айзада Субакожоева билдирди.

Анын айтымында, президенттин алгачкы иш сапары эртең, 29-ноябрда болот.

«Бул С.Жээнбековдун өлкө башчысы катары чет мамлекетке болгон биринчи иш сапары. Иш сапар Россия тараптын чакыруусу менен болот. Бул Россия менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган десек болот», - деди ал.

А.Субакожоева белгилегендей, иш сапардын алкагында өлкө башчынын Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу пландалууда.

«Эки лидер келечектеги эки тараптуу кызматташуунун өнүктүрүүдөгү маселелерди талкуулап жана эл аралык мүнөздөгү көйгөйлөр боюнча пикир алмашат», - деди ал.

Мындан тышкары, президент Россиянын өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп, соода-экономиканын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Андан кийин 30-ноябрда С.Жээнбеков Белоруссиянын Минск шаарындагы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясына катышат.

Журналисттердин С.Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусунун пландалуусу тууралуу суроолоруна А.Субакожоева: «График тыгыз болгондуктан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясында эки тараптуу жолугушуу пландалган жок», - деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1799
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 20 адам окуп жатат)
×