Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуСокулук району 28.11.2017 12:54

Сокулукта тил боюнча интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрү сыйланышты (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Давха-Сокулук орто мектебинде чет тилдер жумалыгы ѳткѳрүлдү. Анда араб тилинен интеллектуалдык оюндар ѳткѳрүлүп, тил жана эрудиция боюнча окуучулар күч сынашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери А.Жүзбаева менен А.Исраилова билдирди.

«Мындай интеллектуалдык оюндар бизде ар жыл сайын ѳзгѳчѳ ыкмада ѳткѳрүлүп келет. Бул жолку оюнубуз да ѳтѳ кызыктуу болду. Ар тайпадан 4 окуучу катышып, араб тилинен жакшы окугандар ѳз күчүн сынашты. Араб тилинен этиштер, сын атооч, ат атоочтун кѳптүк жана жеке түрү боюнча ошондой эле, логикалык суроолор берилди. Жалпы 50дѳн ашык суроо берилип, 7-класстын окуучулары 1-орунду камсыздашты. Жеңгендерге ардак баракчалар жана таттуулар таратылды», - деди мугалимдер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×