Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Кулунду айылында СПИДге каршы күрөшүү боюнча сынак өттү

Turmush -  Кечээ, 27-ноябрда Лейлек районунун Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик-практикалык борборуда СПИД оорусуна каршы күрөшүү боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, иш-чара 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулду. Сынактын катышуучулары жасап келген дубал гезиттерин тааныштырышты. Жыйынтыгында менен «5-УДТ» командасы 1-орунду ээлеп 700 сом, Балдар бөлүмү 2-орунду ээлеп 500 сом, №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 3-орунду ээлеп 400 сом сыйлык алды. 4-5- орундарды хирургия жана терапия бөлүмдөрү ээлеп, 200 сомдон алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 959
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×