Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Баракелде, Бишкек 27.11.2017 20:26

Кыргызстанда кургак учук менен 8 миңге жакын адам ооруйт

Turmush -  Кыргызстанда кургак учук менен ооруган 8 миңге жакын адам жашайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде министр Талантбек Батыралиев билдирди.

Анын айтымында, кургак учук менен жабыркаган бейтаптар стационардык дарыланууда болот. Эгер алардын какырыгында бактерия жок болсо жана аталган оору жукпаса бейтаптар ооруканадан чыгарылат.

«Үй-жайы жок жана түрмөгө отуруп чыккан адамдарды көзөмөлдөө оор», - деди ал.

Мындан тышкары, кургак учук диспансеринин жектекчиси ооруну алдын алуу үчүн флюорографиядан өтүп же рентген тарттыруу керектигин айтып, алардын баасы 20 жана 200 сом экенин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×