Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Ош

Алайдагы унаа кырсыктан каза болгон 3 бир туугандын экөө чиновник болгон (ысымдар)

Turmush -  Кечээ, 26-ноябрда Алай районундагы унаа кырсыктан каза болгон бир туугандардын бирөөсү Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Тяншанбек Марифов болгон. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өздүк булактар маалымдады.

Маалыматка караганда, кырсык саат 17:00 чамасында Ош—Иркештам унаа жолунун 54-чакырымында катталган. Анда «Лексус LX 470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкарууга ээ боло албай калып, унаа ала салып кеткен. Бир туугандар Алайга бара жаткан. Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Каза болгондор:

- 1966-жылы туулган Тяншанбек Марифов, айдоочу, Ош шаарынын тургуну, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;

Т.Марипов 2

- 1969-жылы туулган Шарабидин Марифов, Ош шаарынын тургуну, Бажы кызматынын «Түндүк» бажы бекетинин жетекчисинин орун басары болуп иштечү;

Ш.Марифов

- 1968-жылы туулган Арабидин Марифов, Ош шаарынын тургуну. Арабидин Марифов мындан мурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мурдагы мүчөсү болгон. Андан кийин Ош шаарындагы мечиттердин биринде имам болуп, 2012-жылы шаарда 2 күн убактылуу казылык милдетти аткарган. Азыркы учурда эч жерде иштечү эмес. Египеттен диний билим алган.

Арабидин Арифов

Мамлекеттик бажы кызматы жол кырсыктын каза болгон Шарабидин Марифовдун жакындарына көңүл айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×