Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Кочкордо СПИДдин алдын алуу үчүн жаңы мыйзам кабыл алуу демилгеси көтөрүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда «СПИДди токтотолу» иш-чарасы жана тегерек стол өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чара Кочкор райондук Үсөн Жапаров атындагы оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун имаратында өттү. Ага райондук бийликтин, айыл өкмөттүн, ички иштер органдарынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, райондук ден соолук комитетинин жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, дин кызматкерлери катышты. Тегерек столдун катышуучулары ВИЧ-СПИД дартынын райондун аймагында жылдан жылга көбөйүп бара жатканына кабатырланышып, аны кантип токтотуу керек деген маселени талкуулашты. Катышуучулардын көпчүлүгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, ар бир муниципалдык кызмат адамы ВИЧ-СПИДге милдеттүү түрдө бир жылда бир текшерүүдөн өтүү керектиги тууралуу мыйзам кабыл алууга токтолушту. Ошондой эле мыйзамга мындай дарт менен ооругандарды ачыкка чыгаруу бул дарттын жоюлушуна алып келмек дешти.

Белгилей кетсек, Кочкор районунда ВИЧ-СПИД оорусу менен катталгандардын саны кырк тогузга жетип, облуста район биринчи орунда турат. Мунун ичинен 39 адамы эркек, 10 адамы аял.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1520
Көп окулду
×